Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

АКШда “Күнөөсүз мусулмандар” тасмасын тарткан делген киши суракка чакырылды


Полиция Түштүк Калифорниянын жашоочусу Накоула Басселей Накоуланын эмне иш менен алек болуп жүргөнүн, исламга акарат келтирген тасмага кандай тиешеси бар экенин иликтеп жатат. Ал киши буга чейин банк операцияларындагы көз бойомочулук үчүн соттолгон экен. Азыр эми аны ошол соттун компьютер жана интернет менен колдонууга салган тыйуусун аткарган эмес деп да айыпташы мүмкүн.

Накоула ушул күндөрү мусулман дүйнөсүнүн кыжырын келтирип, көптөгөн өлкөлөрдөгү демонстрацияларга жана америкалык дипломаттардын өлүмүнө себеп болгон тасманын режиссеру болушу мүмкүн дешет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG