Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Депутат Туратбек Мадылбековдун уулу камакка алынды


15-сентябрда “өзгөчө ири өлчөмдө көз бойомочулук кылган” деген шек менен Бишкек шаардык прокуратура бөлүмүнүн прокурору Элдар Мадылбеков камакка алынды. Ал учурда ШИИБнын убактылуу кармоочу жайында отурат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалым болгондой, буга чейин Башкы прокуратура 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан кийин Бакиевдин үй-бүлөсүнө жана анын жакындарына таандык адамдардын мүлкүн мыйзамсыз басып алуу фактысы боюнча ишти тергеп, Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) жана 166-беренеси (көз бойомочулук) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, прокурор Элдар Мадылбеков мына ушул иштин алкагында 15-сентябрда “рейдерлик жасаган жана өзгөчө ири өлчөмдө көз бойомочулук кылган” деген шек менен камакка алынды.

“Мадылбековдун мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 2 млн. доллар же 94 млн. сом өлчөмүндө зыян келтирилди” деп маалымдайт Башкы прокуратура.

Элдар Мадылбеков - Жогорку Кеңештеги коррупцияга каршы комитеттин төрагасы, “Ата Мекен” партиясынан депутат Туратбек Мадылбековдун уулу.

"Азаттык" Туратбек Мадылбеков менен байланышканда, ал уулуна коюлуп жаткан бардык айыптарды четке кагып, муну "атайын буйрутма иш" катары баалады. Депутат "акыркы чекитти сот койот, ансыз уулумду эч ким күнөөлүү деп айта албайт" деп билдирип, кенен маалыматты кийинчерээк берерин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG