Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

Казакстанда Жаңы-Өзөндүн мурдагы мэри камалды


Казакстанда Жаңы-Өзөн шаарынын мурдагы мэри Жалгас Бабаханов “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп табылып, эки жылга түрмөгө кесилди. Прокурорлордун ишениминде, Бабаханов 1999-2009-жылдар аралыгында мэр болуп турган кезде мунай казган ишканалардан түшкөн акчаны өзүнө өткөрүп алган. Былтыр декабрда бул шаарда нааразылыкка чыккан кенчилер менен полициянын калыгышында 16 адам окко учкан кезде Бабаханов шаар жетекчилигинде иштеген эмес. Бирок мамлекеттик органдар бул шаардагы жергиликтүү бийликтердин бир топ жетекчилерине каршы иштерди козгоп, муну менен “кенчилерге делген акчанын жоголуп кеткенине ушулар күнөөлүү” дегендей ишара көрсөтүшүүдө. Бабахановдон кийин мэр болгон Орак Сарбопиев быйыл февралга чейин иштеди жана азыр “пара алган” деген айып менен убактылуу абак жайында кармалууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG