Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

АКШ Тунистеги, Судандагы дипломаттарын шашылыш мекенине кайтарууда


АКШнын Тунистеги элчилигине чабуул, 14-сентябрь, 2012
АКШнын Тунистеги элчилигине чабуул, 14-сентябрь, 2012
Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти бул жөнүндө ушул өлкөлөрдө элчиликтери жума күнү чабуулга алынгандын эртеси жарыялады. Эми элчиликтерде иштеши зарыл делген гана кызматкерлер калат. Мындан сырткары, АКШнын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн жарандарын Тунис менен Суданга саякаттоодон баш тартууга чакырып, бул аймакта “террористтердин кол салуу мүмкүндүгү жогору” экенин эскертти.

Ушул аптанын шейшембисинен бери дүйнөнүн мусулман өлкөлөрүндө АКШнын жана башка Батыш мамлекеттеринин элчиликтерине чабуулдар, демонстрациялар жүрүп жатат. Бенгазидеги АКШнын консулдугуна болгон чабуулда америкалык элчи жана үч дипломат набыт болгон. Соңку чабуулдар интернетте Мухаммад пайгамбарды маскаралаган фильм жарыялангандан кийин башталды.

XS
SM
MD
LG