Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 18:13

Арменияда ЖККУнун аскерий машыгуулары өтүп жатат


Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун беш күнгө созула турган машыгуусуна Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстандан келген 2 миңдей аскер катышууда. Армениянын Коргоо министри Сейран Оганян: “Машыгуунун максаты – коркунучтарды жок кыла турган регионалдык күч түзүү”, - деп билдирди. Аскерий машыгууларга региондогу эки мамлекет – Армения менен Тоолуу Карабактын айынан дагы эле мамилеси начар Азербайжан жана Орусияны 2008-жылкы согуштан бери коркунуч катары кабыл алган Грузия - өзгөчө байкоо салып турушат. Машыгуу кечээ башталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG