Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

Бул аптада Орусия президенти Кыргызстанга келет


Кыргыз президентинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Путиндин бир күндүк расмий сапары учурунда эки тарап аскердик, каржылык, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлат. Ошондой эле эки тарап кол коюусу күтүлүп жаткан келишимдердин эң башкысы - Кыргызстанда бир катар энергетикалык объекттерди, анын ичинде ири Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча келишим болору айтылууда. Орус президенти Кыргызстанга 20-сентябрь күнү келет.

Өткөн жумада Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведей Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Жогорку Нарында ГЭС каскаддарын куруу жана ишке киргизүү тууралуу буйрукка кол койгону кабарланган. Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу тууралуу 2009-жылы кыргыз-орус өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашуу болуп, кийинчерээк токтоп калган. Айрым серепчилер Орусиянын бул демилгесин Борбор Азияда өзүнүн саясий-экономикалык үстөмдүгүн орнотуу максаты катары кабылдашкан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG