Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

Таласта катылган курал табылды


Талас чек ара отрядына караштуу Көк-Сай бекетинин аймагында курал катылган жер табылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Арчагул айылынын четинде табылган 69 ок дары, 1 граната жана үч жардыргыч түзүлүштү чек арачылар Кара-Буура райондук милициясына тапшырып берди.

Быйыл январ айында да ушул эле чек ара отрядына караштуу жердеги Кайнар айылынын четинен 58 даана ок жана Калашников автоматынын окчонтою алынган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG