Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Депутаттын камалган уулуна байланыштуу пикет өтүүдө


Ушу тапта Жогорку Кеңештин алдында 20 чакты адам чогулуп турат. Кабарчыбыздын айтымында, алар Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбековдун “өзгөчө ири өлчөмдө көз боёмочулук кылган” деген шек менен кармалган уулу Элдар Мадылбековдун ишине эч ким кийлигишпөөсүн талап кылып жатат.

"Кылмышка шектүү деп кармалгандар үчүн кепилдик берип чыгарып кеткенин депутаттар токтосун", - деген сөздөр айтылууда.

Чогулгандар өзүлөрүн "Каркыра" коомдук кыймылы деп тааныштырды.

Баш прокуратуранын билдиргенине караганда, 15-сентябрда “өзгөчө ири өлчөмдө көз боёмочулук кылган” деген шек менен Бишкек шаардык прокуратура бөлүмүнүн прокурору Элдар Мадылбеков камакка алынды. Ал учурда шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайында отурат. Мындан аркы баш коргоо чарасы кандай болоору саат экиде сотто чечилет.

Маалым болгондой, буга чейин Башкы прокуратура 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан кийин мурдагы президент Бакиевдин үй-бүлөсүнө жана анын жакындарына таандык адамдардын мүлкүн мыйзамсыз басып алуу факты боюнча Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) жана 166-беренеси (көз боёмочулук) боюнча кылмыш иш козгогон.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, прокурор Элдар Мадылбеков мына ушул иштин алкагында камакка алынды.

“Мадылбековдун мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 2 млн. доллар же 94 млн. сом өлчөмүндө зыян келтирилди” деп маалымдайт Башкы прокуратура.

"Азаттык" Туратбек Мадылбеков менен байланышканда, ал уулуна коюлуп жаткан бардык айыптарды четке кагып, муну "атайын буйрутма иш" катары баалады.

Баш прокуратура бүгүн Бакиевдердин мүлкүнүн тартылып алынышына байланыштуу дагы башка шектүүлөр боюнча маалымат бермей болууда. (ZB/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG