Америкалык жеке продюсер Сэм Басил тарткан “Күнөөсүз мусулман” тасмасында Мухаммед пайгамбар мазакталды деп эсептеген мусулман өлкөлөрүндө жүздөгөн адамдар нааразылык акциясын бүгүн да улантышты. Пакистандын түндүк-батыш тарабында демонстранттар менен полициянын кагылышында бир адам набыт болду. Карачи шаарындагы акцияда 20 чакты студент камакка алынды. Ооганстандын борбору Кабулда да көчөгө чыккандар полицияга карай ок чыгарып, 50 полиция жарат алганы айтылууда. Индонезияда толкугандар АКШнын желегин өрттөштү, аларды полиция суу чачып, асманга эскертүү иретинде ок атып таратты. Ливанда болсо “Хизболлах” деп аталган радикал шииттердин лидери Хасан Насраллах өлкө жарандарын АКШга каршы жумалык акцияга чыгууга үндөдү.
Кечээ БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун мусулман өлкөлөрүнүн жарандарын тынчтыкты сактоого үндөгөн.
Кечээ БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун мусулман өлкөлөрүнүн жарандарын тынчтыкты сактоого үндөгөн.