Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

Чехияда 20 адам алкоголдук ичимдикке ууланып өлдү


Алкоголдук ичимдиктин курамындагы метил спиртине ууланып каза тапкандардын саны Чехияда 20га жетти, дагы 40 адам ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Өткөн аптанын аягында бул өлкөдө спирттин курамы 20 проценттен ашкан алкоголдук ичимдиктерди сатууга белгисиз мөөнөткө тыюу салынды. Коңшулаш Польшада да метил спиртине ууланып 5 адам каза болду. Алар Чехиядан алынып келинген алкоголдук ичимдиктерди ичишкени аныкталган. Словакияда дагы Чехиядан алынган кайнолунун арагынан 4 адам ууланганы кабарланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG