Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Сирияда согуш кылмыштарына баргандардын тизмеси түзүлдү


Уруштан бузулган Алеппо шаарынын бир көрүнүшү.
Уруштан бузулган Алеппо шаарынын бир көрүнүшү.

Улуттар уюму алдындагы комиссия Сирияда аскерий кылмыштарга барды деп шектелгендердин жаңы, толукталган тизмесин даярдады. Бул аралыкта “Хьюман Райтс Уотч” уюму сириялык козголоңчуларды каршылаштардын аёосуз жазалоону сотсуз эле жүргүзүп жатканы үчүн айыптап чыкты.

Тергөөчүлөрдүн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши тарабынан дайындалган көз карандысыз комиссиясы өз тыянактарын ушул дүйшөмбү күнү Женевада жарыялады.

Комиссиянын пикиринде, аскерий кылмыштар үчүн Сириядагы жаңжалга тартылган эки тарап тең күнөөлүү. Андыктан комиссия БУУнун Коопсуздук кеңешин жыйналган фактыларды Эл аралык Кылмыш сотунун кароосуна берүүгө чакырууда.

Комиссиянын төрагасы, бразилиялык дипломат жана профессор Пауло Пинейронун айтымында, алар эртеби же кечпи, акыр жоопко тартылат деген үмөттө аскерий кылмыштарга барды деп шектелгендердин жаңы тизмесин даярдады.

Бирок коомчулукка шардана кылынбаган тизме БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин карамагында болот:

- Биз далилдердин ишенимдүү жана таасир бергидей топтомун жыйнадык. Алар БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариатынын карамагында болот. Жыйналган маалыматты келечекте улуттук жана эл аралык соттор ала алышат. Ушул сыяктуу эле Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыкка, кыянатчылыктар үчүн жоопкер деп саналган жеке адамдар менен уюмдардын экинчи, жашыруун тизмеси берилди. Комиссия далилдер соттукуна салыштырмалуу төмөнүрөөк деңгээлде болгондуктан ал тизмедеги ысымдарды жарыялоону азырынча туура эмес деп эсептейт.

Улуттар уюму түзгөн комиссиянын көз карашында, Сирияда кыянатчылыктар барган сайын күчөөдө. Укук бузуулар ушунчалык кеңири жайылгандыгын эске алганда, БУУнун тергөөчүлөрү бардык учурларды каттап, иликтөөгө жөндөмсүз.

Комиссия төрагасы Пауло Пинейро Женевадагы сөзүндө козголоңчуларда радикалдашуу тенденциясы байкалып жатканын, өлкөдө “чет элдик элементтер” көбөйгөндүгүн кошумчалады:

- Комиссия Сирияда чет элдик элементтер, анын ичинде жихадчыл согушкерлер көбөйүп бара жатканын ырастады. Алардын айрымдары өкмөткө каршы козголоңчулар менен аралашып жүрсө, башкалары өз тайпасын куруп, өз алдынча аракеттенишүүдө. Мындай элементтер өкмөткө каршы күчтөрдү кыйла радикал турумга ыкташтырат.

"Хьюман Райтс Уотч" козголоңчуларды айыптады

БУУ комиссиясынын бул доклады эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” уюмунун баяндамасына тушташ чыкты.

“Хьюман Райтс Уотч” өз тарабынан Сириянын куралдуу оппозициясын анын камагына түшкөндөрдү кыйноого алганы, каршылаштарын сотсуз эле өлүм жазасына тартып жатканы үчүн айыптады.

Укук коргоочу уюмдун баамында, мындай көрүнүштөр Алеппо, Латакия жана Идлиб шаарларында орун алган.

Сириядагы исламчыл согушкерлер. 17-сентябрь, 2012-жыл.
Сириядагы исламчыл согушкерлер. 17-сентябрь, 2012-жыл.
“Хьюман Райтс Уотч” белгилегендей, куралдуу жаңжалдардын шартында кармалгандарды “кыйноо же өлүм жазасына соттсуз эле тартуу аскерий кылмыш деп саналат.

Эгер алар кеңири жайылып жана системалык мүнөзгө ээ болсо адамзатка каршы кылмыш катары баалануусу мүмкүн.

"Хьюман Райтс Уотч" буга чейинки баяндамаларында Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн укук бузууларын документтештирип, алар адамзатка каршы кылмыштарга барганын айткан.

Активисттердин эсебинде, Сирияда мындан он сегиз ай мурун президент Башар Асаддын режимине каршы козголоң башталгандан бери кеминде 23 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG