Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Элдар Мадылбеков камакка алынды


Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкери, “алдамчылык, күч менен тартып алуу жана жасалма документ жасаган” деп айыпталып жаткан Элдар Мадылбеков эки айга камакка алынды. Бул тууралуу чечимди Биринчи Май райондук соту кечээ кечке жуук чыгарды. ЖКнын "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу, прокуратура кызматкери Элдар Мадылбеков 15-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу камоочу жайында болот. Мадылбековдун жактоочулары анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен бүгүн Бишкек шаардык сотуна кайрылышарын билдиришүүдө.

Элдар Мадылбеков апрель окуясынан кийин Бакиевдерге тиешелүү мүлктү “жасалма документ менен менчиктеп алып, кийин сатып жибергендиги үчүн” айыпталууда. Ал 15-сентябрь күнү Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Башкы көзөмөл органы бул иш боюнча ЖК депутаты, “Ата-Журт” фракциясынын башчысы Садыр Жапаровго да кылмыш иши козголгонун маалымдоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG