Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Москва полициясы кыргыз жаранына кылмыш ишин козгоду


Өткөн жума күнү Москвада полиция кызматкерлерине баш ийбей, күч колдонгон деген шек менен кармалган үч кыргызстандыктын бири, Ош облусунун тургуну Таирбек уулу Заирбекке карата полиция кылмыш ишин козгоду. Ага Орусия кылмыш кодексинин 318-беренеси боюнча “бийлик өкүлүнө күч колдонгон” деген айып тагылууда. Ал эми дагы эки жаран Н. Абдразаков менен Э. Халматов административдик жоопкерчиликке тартылары кабарланууда. Ушундай эле жоопкерчиликке теги кыргызстандык, учурда Орусиянын жарандары болуп саналышкан С. Сүйөркулов менен А. Кадыров да тартылмакчы.

Бул маалымат Москвадагы Кыргызстандын элчилигинен алынды. 14-сентябрь күнү Москва полициясы тыюу салынган жерлерде соода кылган алты адамды кармап кетип жатканда жүздөй адам чогулуп келип полицияга кол салган. Беш полиция кызматкери колу-бутунан жана башы-моюнунан жарат алган. Бул иш боюнча Кыргызстандын, Тажикстандын жана Египеттин 12 жараны кармалган болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG