Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүндө кыскартуу болду


Баткен облустук мамлекеттик администрациясы өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгү болуп кайра түзүлгөнүнө байланыштуу айрым кыскартуулар болду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Кубатбек Айбашов билдирди. Анын "Азаттыкка" айтымында, жалпы кызматкерлердин саны мурда 54 болчу, азыр 33ү гана калды. Ал эми бөлүмдөр мурда 9, эми 5 болуп калды.

Губернаторлук кызматтарды жоюу тууралуу чечим быйыл июл айында чыккан. Өкмөт муну менен мурдагы облустук администрацияларда иштегендердин санын кыскартып, акча үнөмдөө максатын көздөп жатканы айтылган. Бул реформа боюнча облустук администрацияларда иштеген 397 кызматкердин ордуна 222си гана калмай болуп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG