Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

19-сентябрга карата аба ырайы


19-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көлдүн акваториясында 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28,
Талас облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 21...26,
Баткенде түнкүсүн 8...13 күндүз 21...26 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 16...21,
Нарында түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 19...24,
Тоолордо түнкүсүн -2...-7, ал эми күндүз 0...5 болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 11...13, күндүз 26...28 градус болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG