Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:31

ТИМ: Кабулдагы кыргызстандыктын өлүмү боюнча маалымат такталууда


Ооганстандын борбору Кабулда жанкечтинин террордук чабуулунан мерт кеткендердин арасында Кыргызстандын жараны бар экени кабарланууда. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбековдун "Азаттыкка" айтымында, бул маалымат азыр териштирилип жатат.

Айрым маалымат булактарынын билдиришинче, теракт бүгүн таңга жуук болгон. Кабулдагы АКШ элчилигинин учактарын тейлөөчү түштүк африкалык жеке компаниянын үч унаасы аэропорттон мейманканага бараткан жолдо жанкечти аял өзүн өзү жардырган. Бир кыргызстандык, эки ооган жана Түштүк Африканын жети жараны набыт кеткени айтылууда. (AA/RK)

XS
SM
MD
LG