Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

ЮСАИД Орусиядагы ишмердигин токтотууда


АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин Орусиядагы кеңсеси Москванын чечиминен соң жабылууда. Мамлекеттик департамент өз билдирүүсүндө Вашингтон орус өкмөтүнүн агенттиктин мандатын токтотуу боюнча чечимин алганын ырастады.

Мамдепартаменттин өкүлү Виктория Нуланд белгилегендей, ЮСАИДдин Орусиядагы иши аяктап жатканы менен АКШ бул өлкөдөгү демократияны, адам укуктарын жана жарандык коомдун чыңдалышын колдоого дилгир бойдон калат.

Москванын чечими президент Владимир Путин быйыл июлда талаштуу мыйзамга кол койгондон кийин чыгып отурат. Ал мыйзамга ылайык, чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдар Орусияда “чет элдик агенттерге” теңештирилген.

ЮСАИД - АКШнын дүйнө өлкөлөрүндө өнүгүү жана башкаруу программаларын колдогон мекемеси.

Агенттиктин билдиргенине караганда, ал 1992-жылдан бери Орусияда “социалдык жана экономикалык өнүгүү долбоорлору үчүн 2,6 миллиард доллар сарптаган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG