Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Француз журналы Мухаммед пайгамбардын карикатураларын жарыялайт


Апта сайын чыгуучу “Шарли Эбдо" (Charlie Hebdo) сатиралык журналы Мухаммед пайгамбардын карикатураларын бүгүнкү санында жарыялап жатканын анын редактору билдирди.

Редактор француз маалымат каражаттары менен маегинде белгилегендей, ал карикатуралар “шок болууну каалгандарды шок кылат”.

Бул аралыкта француз премьер-министри Жан Марк Эро да билдирүү менен чыгып, сөз эркиндиги фундаменталдык принцип экенин, баары “жоопкерчилик” менен аракеттенүүсү зарылдыгын айтты.

Францияда Батыш Европадагы эң ири мусулман жамааты жашайт.

Француз журналынын Мухаммед пайгамбардын карикатураларын жарыялоо чечими “Бейкүнөө мусулмандар” деген ат менен АКШда жеке адамдар тарабынан даярдалган тасмма мусулман дүйнөсүндө нааразылык толкунун жараткан учурга туш келүүдө.

Мусулман өлкөлөрүнүн башын кошкон Ислам конференциясы уюмунун баш катчысы Экмеледдин Ихсаноглу кечээ Жидда шаарындагы басма сөз жыйында фильмди жана кыянатчылыктарды айыптады:

- Биз бул фильмди жана андагы туура эмес маалыматты айыптайбыз. Ал жек көрүүчүлүктү тутандырат деп эсептейбиз. Муну менен катар биз фильмге каршы тынч нааразылык акциялар учурунда орун алган кыянатчылыктарды да айыптайбыз.

Тасмага каршы нааразылык акциялар учурунда кеминде 19 кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG