Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

“Ата Мекен” партиясы “республикачы” депутатка жооп кайтарды


“Ата Мекен” партиясынын басма сөз кызматы 2010-жылдын 7-8-9-апрелиндеги талап-тоноочулукка фракция мүчөлөрүнүн эч кандай тиешеси жоктугун билдирет. Билдирүү ээлери “Республика” фракциясынын мүчөсү Максат Сабировду ар дайым принципиалдуу болууга чакырып, андан өткөн жылы партиялашы Исхак Пирматовго Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогондо эмне үчүн мындай сунуш көтөрүп чыкпаганын сураган. Башкы прокуратура И. Пирматовду депутаттык кол тийбестиктен ажыратып берүүнү сураганда Максат Сабировдун принциби кайда эле, эмне үчүн ошондо Пирматов кол тийбестиктен ажыратылган жок, парламенттеги экономиканы өнүктүрүү комитетинин төрагалыгынан алынган жок деген суроо койот. Ошондой эле билдирүүдө депутат Туратбек Мадылбековдун уулу коррупция боюнча айыпталып камакка алынганда “Ата Мекен” партиясы эмес, өз атасы да аны бошотуп алууга аракет кылбаганы, Туратбек Мадылбеков коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагалыгын өз каалоосу менен өткөрүп бергени үлгү кылынган. “Ата Мекен” партиясы жообунда “Республика” фракциясынын мүчөсү Максат Сабировдон кеч болсо да партиялашы Исхак Пирматовду депутаттык мандатын тапшырууга чакырат деп үмүттөнөөрүн кошумчалаган.

Кечээ “Республика” фракциясынын мүчөсү Максат Сабиров камакта жаткан Абдулла Юсупов 2010-жылдын 7-8-9-апрелиндеги талап-тоноочулукка түздөн-түз тиешеси бар деп айыптап жаткан “Ата Мекен” партиясынын парламенттеги төрт депутаты мандатын тапшырууга тийиш деген билдирүүнү айтып чыккан. Депутат бул зарылчылык аталган факт боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан депутаттык комиссиянын иши тоскоолдуксуз жүрүүсүн шарттайт деген пикирде. (ZKo)

XS
SM
MD
LG