Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:19

Доллардын баасы кымбаттоодо


Кыргызстанда АКШ долларынын баасы кымбаттаганы байкалууда. Жыл башынан бери бул валютанын баасы 1,63 пайызга өстү. Январда 1 доллар 46 сом 48 тыйын турчу, ал эми жылдын ортосунда 47 сом 24 тыйынга чыкты. Былтыркы жылдын биринчи жарымында доллардын баасы, тескерисинче, арзандаганы байкалган болчу. Улуттук банктын айтымында, доллардын азыр да кыргыз сомуна карата курсу жогорулап турганынын себеби коммерциялык банктардын долларга болгон суроо-талабы өскөнүнө байланыштуу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG