Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

Нарын: Өкмөт башчы менен жолугууга келгендер нааразы


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Нарын облусундагы иш сапарын бүгүн жыйынтыктап жатат. Ушу тапта ал облустук администрациянын жыйындар залында актив менен жолугууда. Кабарчыбыздын айтымында, премьер менен жолугууга келген баардык эле адамдар залдын ичине киргизилген жок. Ушу тапта облустук бийлик имаратынын алдында 150дөй киши чогулуп турат. Сатыбалдиевдин унаасын курчап алып, өкмөт башчысы алардын арыз-муңун угушу керек деп талап кылып жатат. Нааразылыкка чыккандар негизинен социалдык көйгөйлөрүн айтууда. (TSh/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG