Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Орус бийлиги ЮСАИДди айыптады


Орус бийлиги АКШнын өнүгүү агенттиги – ЮСАИД өлкөнүн ички саясатына жана шайлоого таасир этүүгө аракеттенгендиги үчүн чыгарылууда деп билдирди.

Шаршембиде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги ЮСАИД “саясий процесстерге, шайлоого, грант бөлүштүрүү аркылуу жарандык коомдун институттарына таасир этүүнү көздөйт” деп айыптады. Кечээ АКШнын Мамлекеттик департаменти Вашингтон ЮСАИДдин кеңсесин 1-октябрдан тартып жабуу чечимин кабыл алганын ырастаган.

- ЮСАИД Орусиядан чыгарылса да, биз ал өлкөдөгү демократия, адам укуктарын, мындан да күчтүү жарандык коомду өнүктүрүү ишин мындан ары да колдой беребиз жана Орусиядагы бейөкмөт уюмдар менен кызматташуубузду улантабыз, - деди Мамдептин маалымат өкүлү Виктория Нуланд.

Орусиялык укук коргоочулар ЮСАИДдин жабылышын кооптуу коңгуроо катары сыпаттап, өлкөдөгү башка чет өлкөлүк фонддордун тагдырына тынчсыздануусун билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG