Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Грузин президенти түрмөлөр реформаланарын айтып чыкты


Тбилисидеги демонстрация. 19-сентябрь, 2012-жыл.
Тбилисидеги демонстрация. 19-сентябрь, 2012-жыл.
Михаил Саакашвили бул тууралуу Тбилисидеги түрмөлөрдүн биринде адамдар кыйноого алынганы тартылган видео өлкөдө нааразылык акцияларын жараткандан кийин билдирди:

- Жаза аткаруу системасы жоюлуп, кайра башынан түзүлүүсү керек. Биз муну патрулдук полициядагыдай ыкма менен жасообуз абзел. Албетте,
бул - дискредитация согушу. Бирок бул мени эң аз тынчыздандырган маселе.


Грузин президенти ошондой эле түрмө сакчыларын полиция менен алмаштырып турууга буйрук берди.

Түрмөдөгүлөрдү сакчылар кордоп жатат деген учур тартылган видео оппозициянын телеканалынан көргөзүлгөн соң кечээ Грузиянын бир нече шаарында демонстрациялар болгон.

Мындан улам түрмөлөрдү тейлеген министр кызматынан чегинди, расмий өкүлдөрдүн айтымында, кылмышка шектүүлөрдүн он чактысы камалды.

Бирок өкмөт чуулгандуу видео парламенттик шайлоо алдында бийликке көө жабууну көздөгөн, аны даярдоого акча төлөнгөн деп да ырастоодо.

1-октябрдагы шайлоодо президент Михаил Саакашвилинин башкаруучу партиясы бийликке келген 2003-жылдан бери оппозициянын эң катуу атаандаштыгына туш болору күтүлүүдө.

Саакашвилинин партиясына миллиардер Бидзина Иванишвилинин “Грузия кыялы” деп аталган оппозициячыл кыймылы каршы чыгууда. Чуулгандуу видео Иванишвилиге караштуу телеканалдан берилген. (UE)

XS
SM
MD
LG