Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:49

Өзбек президенти Түштүк Кореяда жүрөт


Ислам Каримовдун Азиянын бул өлкөсүнөн инвестиция издеген үч күндүк сапары кечээ башталды. Каримовдун сапары алдында Түштүк Кореянын “Дэу” компаниясы Өзбекстандын батыш бөлүгүндөгү газ жана мунай кениндеги ишин токтотуп жатканын жарыялаган.

Анткени менен Түштүк Кореянын компаниялары Өзбекстандын энергия ресурстарын чалгындоо жана өздөштүрүү үстүндө активдүү иштеп жатышат.

Өзбек президентинин Сеулга сапарынан бир апта мурда Түштүк Корея президенти Ли Мен Бак Казакстанда болгон учурунда өлкөсү энергиянын булагы катары Жакынкы Чыгышка эле таянбастан, эми муну Борбор Азиядан да темир жолду, куурларды колдонуу аркылуу алууну көздөп жатканын билдирген. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG