Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Брюсселде бүгүн Евробиримдик-Кытай саммити өтөт


Быйыл он бешинчи ирет өтүп жаткан саммитке кытай тараптан премьер-министр Вэнь Цзябао, Европа тараптан биримдиктин президенти Херман Ван Рөмпей, Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Барросо баштаган өкүлдөр катышат.

Жыйында Европанын карыз кризисти жөндөө аракеттерине, Европанын соода тарифитери боюнча Кытайдын тынчсызданууларына, Иран, Сирия маселелерине көңүл бурулары күтүлүүдө.

Рейтер агенттигинин кабарына караганда, саммиттин соңунан былтыркыдай эле быйыл да эркин басма сөз жыйын болбойт.

Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү Кытай тараптын эркин басма сөз жыйынга катышуудан баш тартышын алар үчүн сезимтал маселелер боюнча суроолордун берилишинен чочулагандыгына байланыштырышууда. (UE)

XS
SM
MD
LG