Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:57

Путиндин сапары учурунда алты келишимге кол коюлушу күтүлүүдө


Бүгүн эки тарап аскердик, каржылык, энергетика жаатындагы жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык, бардыгы болуп алты келишимге кол коюшары кабарланган. Орус маалымат агенттиктери келишим долбоорлорунун бири Орусия базасынын Кыргызстанда туруу мөөнөтүн бери дегенде 15 жылга узартарын, дагы бири Кыргызстандын 500 миллион доллардык карызын кечүүнүн шарттарын карарын кабарлашты. Орус президенти Владимир Путин кечээ кечинде Кыргызстанга расмий сапар менен келген.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев өткөн аптада Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Үстүңкү Нарында ГЭС каскаддарын куруу жана иштетүү боюнча өкмөттөр аралык келишим долбоорлорун жактырган буйрукка кол койгон.

Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча келишимди эки өлкө 2008-жылы да түзгөн, бирок ал ишке ашкан эмес. Кайрадан даярдалган келишим боюнча сүйлөшүүлөр 2010-жылдан бери жүрүп келди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG