Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:05

Бишкекте кыргыз-орус сүйлөшүүлөрү башталганы жатат


Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кыргыз-орус мамлекет аралык сүйлөшүүлөр башталганы жатат. Кабарчыбыздын айтымында, саат 11ге пландалган 1+3 форматындагы жолугушууга Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков катышат. Ал эми орус тараптан президент Владимир Путин, тышкы иштер министри Сергей Лавров, өкмөт башчынын биринчи орун басары Игорь Шувалов жана Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков катышат. Жарым сааттан кийин сүйлөшүү кеңейтилген курамда өтөт. Андан кийин жыйынтык документтерге кол коюлат.
Орусиянын президенти Бишкекке кечээ кечинде келген. (AiK/RK)

XS
SM
MD
LG