Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

АКШ элчилиги Ниязалиевдин жакындарына көңүл айтты


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Кабулда террордук чабуулдун курмандыгы болгон кыргызстандык жарандын жакындарына көңүл айтты.

"Интернетке жарыяланган чагымчыл видео тасмага жооп катары жасалган бул жана башка зордук-зомбулукту актоо аракеттери болууда. Бирок мындайга жол берилбеши керек" - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Эки күн мурда Ооганстандын борбору Кабул шаарында террордук чабуулда мерт болгон кыргызстандыктын ким экени кечээ аныкталды. Ал Эсенбек Ниязалиев экенин Тышкы иштер министрлиги тастыктады. 1962-жылы туулган бул кыргызстандык жаран Ооганстанда контракт боюнча вертолет тейлеген техникалык кызматкер болуп иштеп жаткан.

Террордук чабуул 18-сентябрда таңга жуук жасалган. Кабулдагы АКШ элчилигинин учактарын тейлөөчү түштүк африкалык жеке компаниянын үч унаасы аэропорттон мейманканага бараткан жолдо жанкечти аял өзүн өзү жардырган.

Бул окуя үчүн жоопкерчиликти ошол эле күнү өзүнө Хезб-и-Ислами козголоңчу тобу алган. Жоочулар муну менен Мухаммед пайгамбарды мазактаган фильм үчүн өч алууну көздөшкөнүн айткан.

"Бейкүнөө мусулмандар" деп аталган эң начар техникалык сапатта тартылган тасмада Мухаммед пайгамбар мазакталат. Аны АКШ тартты деген демонстранттар өткөн аптада Сирияда жана Йеменде нааразылык акцияларын уюштурган, төрт америкалык дипломатты өлтүргөн. АКШ бул тасмага эч тиешеси жок экенин айткан. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG