Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Бишкек: Сегиз айда 15 адам арактан өлдү


Бишкекте ушул жылдын сегиз айында аракка ууланып 15 адам каза тапты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Наркология борборунун дарыгери Шайлообек Өмүралиев билдирди. Анын айтымында, Бишкектеги тез жардам кызматына 100 адам кайрыла турган болсо, анын 60-70% аракка байланыштуу.

"Токсикологиянын берген маалыматына ылайык, 8 айда 292 киши ууланып түшкөн. Алардын ичинен 30у аял, 15 адам өлгөн. Андан сырткары 129 адамды тууган-уругу өздөрү машине менен алып келген. Санитардык авиация менен 29 адам түшкөн. Ал эми наркология борборуна оор интоксикация менен 451 адам түшкөн. Алар көзүнө бир нерсе көрүнүп, кулагына угулгандар", - дейт Өмүралиев. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG