Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:43

Путин: Кыргызстан сунуштаган пландар боюнча документтер кабыл алынат


Бишкекте кыргыз-орус мамлекет аралык сүйлөшүүлөрү уланып жатат. Алгач президенттер Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин өкмөт жетекчилеринин катышуусунда өзүнчө чакан жолугушуу өткөрдү. Андан кийин сүйлөшүүлөр кеңейтилген курамда уланды. Алмазбек Атамбаев Орусия Кыргызстандын негизги стратегиялык партнеру экенин айтты. Ал эми орус президенти Владимир Путин:

"Сиз сунуш кылган пландар боюнча документтер кабыл алынат. Катуу иштешибиз керек", - деп айтты.

Путин Бишкекке кечээ кечинде келген. Сүйлөшүүлөр "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG