Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда маанилүү документтерге кол коюлду


Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкектеги бүгүнкү сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Жогорку Нарындагы төрт ГЭСти жана Камбар Ата-1 ГЭСин куруу боюнча макулдашууга эки өлкөнүн энергетика министрлери кол койду. Каржылоону орус тарап жүргүзөт. Бирок курулуш качан башталаарын эч ким так айта албасын орус президенти Владимир Путин билдирди.

Андан тышкары Кыргызстандын Орусияга 189 миллион доллар карызы толугу менен кечилди. Ал эми 300 миллион доллар карызы 2016-жылдан баштап кечиле баштайт. Бул боюнча келишимдерге эки өлкөнүн каржы министрлери кол койду.

Орусиянын Кыргызстандагы аскер базалары боюнча өзүнчө келишимге кол коюлуп, азыркы келишимдин убактысы бүткөн соң базалар бириктирилип, анын мөөнөтү 15 жылга узартылмай болду. (AiK/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG