Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:22

Учакта 24 сейрек кездешчү бүркүт табылды


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети билдиргенине караганда, Бириккен Араб эмираттарынын Шаржа шаарына багыт алууга даярданып жаткан учакта 24 сейрек кездешчү бүркүт табылды. 3 баштыкка салынган куштарды өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракеттенишкен деп болжолдонууда. Тергөөчүлөр баштыктардын ээсин издеп жатышат. Бүркүттөрдүн ал түрү Казакстандын жана эл аралык мыйзамдар боюнча корголот. Аларды Перси булуңундагы байлар аң улоо үчүн пайдаланышат. Көмүскө базарда ал куштардын баасы 10-15 миң долларга жетет. Казакстан менен Кыргызстандагы бүркүттөрдүн аткезчилиги өзгөчө 1990-жылдары көп катталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG