Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:29

АКШнын коргоо министри Кытайдагы сапарын жыйынтыктоодо


Комшо Штаттардын коргоо министри Леон Панетта бүгүн Кытайдагы сапарын жыйынтыктоодо. Расмий адамдар менен сүйлөшүүлөрдө ал АКШ өкмөтү жана америкалык компанияларга каршы кибертыңчылык жана хаккерлик маселесин да козгоду. Кытайдын болочок президенти Си Цзинпин менен жолугушуудан кийин Панетта Кытай киберкоркунучтарды ачык-айкын талкуулоого даяр деп ишенерин билдирди. Пентагондун башчысы буга чейин кибер жаңжалдар согушка алып келиши мүмкүн деп кайталап келген. Кытайдан кийин Панетта Жаңы Зеландияга жол тартууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG