Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Олсен: консулдукка чабуул алдын ала пландалган эмес


Ливиянын Бенгази шаарында америкалык консулдукка жасалган чабуулду теракт деп атаса болот, бирок ал алдын ала пландалган эмес. Бул тууралуу АКШнын терроризмге каршы күрөшүү улуттук борборунун жетекчиси Мэтью Олсен билдирди. Кечээ Конгрессте сүйлөгөн Олсен:

- Сыягы, жакшы куралданган адамдар ошол күнү кечинде жана эртеси, 12-сентябрдын таңында түзүлгөн кырдаалдан пайдаланууга аракеттенишкен, -
деген Олсен кол салган адамдардын айрымдарынын "ал-Каида" менен байланыштарын далилдеген фактылар бар деп кошумчалады.

Буга чейин Ливиянын расмий өкүлдөрү чабуулдун уюштуруучулары "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасына байланышкан нааразылык акциясынан пайдаланып, мурда даярдалган кол салууну ишке ашырышкан деп ырастаган.

11-сентябрда болгон окуяда АКШнын Ливиядагы элчиси Крис Стивенс жана америкалык дагы 3 киши набыт кеткен. Чабуулдун чоо-жайын иликтөө үчүн эртең Бенгазиге америкалык тергөөчүлөр келүүдө.

XS
SM
MD
LG