Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

Насыясын төлөй албагандардын маселеси ЖКда каралат


“Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабировдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул маселе учурда парламенттин тиешелүү комитеттеринде каралып жатат, жакынкы күндөрү жалпы отурумга коюлат.

Чакан насыя компанияларынан карыз акча алып, аны төлөй албаган адамдар карызын кечүү талабы менен бир нече айдан бери мөөнөтсүз митингге чыгып келатышат. Алар ушул тапта Бишкектеги Горький паркында боз үй тигип, “качкындар бекетин” уюштуруп алышкан.

Улуттук банктын төрайымы буга чейин парламентте сүйлөгөн сөзүндө нааразылыкка чыккан элдин карызын кечсе, анда насыяны кайтаргысы келбегендерин саны өсүп кетет деген кооптонуусун билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG