Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

АКШ Ливиядагы кол салуу боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзөт


Ливиянын Бенгази шаарында АКШ консулдугуна 11-сентябрда жасалган кол салууну иликтөө үчүн көз карандысыз комиссия түзүп жатканын мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон билдирди.

Клинтондун айтымында, комиссияны ардагер дипломат Томас Пикеринг жетектейт. Клинтон АКШнын Ливиядагы элчиси Кристофер Стивенсти жана башка үч америкалыкты мерт кылган бул кол салуу боюнча бейшемби күнү Конгрессте, жабык эшик артында маалымат берди.

Мурдараак АКШнын Терроризмге каршы улуттук борборунун башчысы Мэтью Олсен “Бейкүнөө мусулмандар” аттуу тасмага нааразылык билдирүү учурунда жасалган кол салууну “теракт” катары мүнөздөгөн. Бирок ал күн мурунтадан пландалбаганын айткан. (UE)

XS
SM
MD
LG