Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:00

Сириянын өкмөттүк учагы май куйуучу бекетке сокку урду


Бул тууралуу оппозиция активисттери билдиришти. Алардын ырастоосунда, чабуулдан кеминде 30 киши набыт болгон. Окуя Тал-Абад чек ара бекетинен 32 чакырымдай аралыкта, Айн-Исса деген кыштакта болгон.

Аталган чек ара бекетти эки күн мурда Эркин Сирия армиясынын согушкерлери ээлешкен эле. Кечээ шаарчаны жана андагы имараттарды көзөмөлдөө үчүн козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөр ортосунда айгышкан атышуулар жүргөнү кабарланды.

Көзөмөлдөп өткөрүүчү бекет Сириянын Ракка жана Түркиянын Санлиурфа шаарлары ортосундагы кан жолдо жайгашкан.

Сирияда президент Башар Асаддын режимине каршы 19 айга аяк баскан козголоңдо, активисттердин эсебинде, 23 миңдей кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG