Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Чуулгандуу тасмага каршы АКШнын рекламасы Пакистанда сыналгыдан берилүүдө


Пакистандык телеканалдар реклама иретинде берип жаткан 30 секунддук видеороликте АКШ президенти Барак Обама, мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Мухаммед пайгамбарды мазактайт деген “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасын айыпташат.

Ошондой эле анда тасма АКШ өкмөтү тарабынан даярдалган эмес жана ага кыянатчылыктар менен жооп берилишин актоого болбойт деген ой айтылат.

АКШнын Пакистандагы элчилиги президент Обаманын мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун буга чейинки билдирүүлөрүнүн негизинде даярдаган видеороликтер урду тилиндеги субтитр менен берилүүдө.

“Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына кыжырданган миңдеген демонстранттар кечээ борбор Исламабадда, дипломатиялык районго жакын жерде полиция менен кагылышып, ондогон киши жаракат алган. (UE)

XS
SM
MD
LG