Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

"Чыныгы мусулмандар биримдиги" АКШ элчилигинин алдына митингге чыгат


Аталган уюмдун төрагасы Нурлан Мотуевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча акция АКШда жеке адамдар тарабынан тартылган "Бейкүнөө мусулмандар" тасмасына каршы уюштурулууда. Иш-чара бүгүн жума намаздан кийин болмокчу. Мотуевдин айтымында, алар алгач Бишкектеги Франциянын элчилигинин алдына барып, ал жерде бир саат тынч митинг өткөрүшөт. Бул акция Франциядагы "Шарль эбдо" журналы 19-сентябрда Мухаммед пайгамбардын карикатураларын жарыялашына нааразылык иретинде болот. Андан кийин нааразылык акциясы АКШ элчилигинин алдында уланат.

"Чыныгы мусулмандар биримдиги" иш-чара тынч мүнөздө болот деп бекемдөөдө. Кечээ ИИМдин терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмү Н. Мотуевди чакырып, бүгүнкү митинг тууралуу сүйлөшкөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG