Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Кабул Ооган аймагын аткылаганы үчүн Пакистан бийлигин сынга алды


Ооганстан коңшусуна Пакистан тараптан аткылоолор эки өлкөнүн мамилесине терс таасири тийип каларын эскертти. Ооган Тышкы иштер министри Залмай Рассул БУУНун коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө Пакистан тараптан аткылоодон акыркы айларда ондогон жайкын адамдар набыт болгонун билдирди.

Расмий Кабул буга чейин да бир нече жолу Ооганстандын Кунар жана Нуристан провинцияларында жоочулардын лагерлерин аткылаганын, ушундан улам аймакта жашаган эл айылдарын таштап кетүүгө мажбур болуп жатышканын билдирген.
Пакистан бийлиги өз кезегинде Ооганстанды Пакистанда жойлоп жүргөн жоочуларга башпаанек берип жатат деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG