Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:07

Атырауда террорчу деп шектелген төрт адам өлтүрүлдү


Казакстандын коопсуздук күчтөрү өлкө батышында өткөрүлгөн операция кезинде террорчу деп шектелген төрт адамды жок кылды. Прокуратуранын маалымдашынча, колго түшүп берүүдөн баш тартып, коопсуздук күчтөрүнө ок аткан бул төртөө өткөн жумадагы Атырау полициясына кол салууга катышкан болушу мүмкүн. Алар жашаган үйдөн курал-жарак, ок дары жана жардыргыч заттар табылды. Атайын операция мурдагы жумада Атыранун полицияканасы жанында бомба жарылып, атышууда эки полициячы жараат алгандан кийин өткөрүлдү. 12-сентябрда Кулсары шаарчасында коопсуздук кызматтары террорчу деп шектелген беш адамды жок кылган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG