Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

Пакистанда "Бейкүнөө мусулманга" нааразылардын демонстрациясы уланууда


Пакистанда АКШда тартылган “Бейкүнөө мусулман” фильмине жана Франциянын журналында Мухаммед пайгамбарды шылдыңдап тарткан карикатурага каршы демонстрациялар өтүүдө.

Пешавар шаарында өтүп жаткан акция маалында полиция аткан октон эки адам набыт болду. Өлгөндөрдүн бири Пакистан телевидениесинин кинооператору. Демонстранттардын башка бир тобу кинотеатрды өрттөмөк болгондо күзөтчүлөр аткан октон бир киши жараат алды. Алар Соода палатасына таандык эки кинотеатрды өрттөп жиберишти.

Равлапинди шаарында жаалданган адамдар автомобилдерди жана полицияны таш бараңга алышты, машинелерди текшерчү пунктту өрттөп салышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG