Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Франция элчилигинин алдында митинг болбой калды


Бүгүн Бишкектеги Франция элчилигинин алдында өтө турган митинг болбой калды. Кабарчыбыздын айтымында, элчиликтин кире беришинде элүүдөй милиция жана башка күч кызматкерлери турат. Алар митингчилердин жолун тороп, элчилик тарапка жакын жолотпой койду. Нааразылык акциясына чыккан 20-30дай адам милициянын талабына каршы чыкпастан тарап кетти. Ушул эле топ бүгүн АКШ элчилигинин алдына барып митинг өткөрмөк, бирок барбай эле коймой болду.

Мухаммед пайгамбарды мазактаган видеотасмага карата нааразылык билдирүү үчүн митингге чыгаарын бүгүн "Азаттыкка" өзүн Чыныгы мусулмандар жамааты деп атаган уюмдун башчысы Нурлан Мотуев билдирген. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG