Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:40

Дүйшөмбү түрмөсү адамды кыйнап өлтүрдү деп айыпталууда


Ушул аптада Дүйшөмбү шаарынын борбордук түмөсүндө каза тапкан жарандын туугандары маркумдун денесиндеги көкала тактар - ал ур-токмокко алынып, кыйналганын, денесинде күйүктүн изи бар экенин айтышууда. 27 жаштагы Хамза Икромзаданын жасаты туугандарына бүгүн берилди. Абак жайдын жетекчилиги Икромзаданын өлүмү боюнча расмий түшүндүрмө жасай элек. Бирок Тажикстандын Ички иштер министрлигинин абак жайлар боюнча өкүлү “тажик түрмөлөрүндө эч ким эч кимди кыйнабайт” деп билдирди.

Декабрда Коргонтөбө шаарынын түрмөсүндө ондогон абактагылар аларды уруп-кыйноолорго каршы ачкачылык акциясын өткөрүшкөн. Былтыр Дүйшөмбүнүн борбордук абагында кыйноодон эки адам өлгөнү ашкере болгондо коомдо катуу нааразылыктарды жараткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG