Линктер

дүйшөмбү, 16-январь, 2017 Бишкек убактысы 21:01

Ала качылган кыздын өлүмүнө себепкер соттолду


Ысык-Көл облусунда ала качуунун курмандыгы болгон кыздын өлүмүнө себепкерге сот өкүмү чыкты. Шайымбек Иманакунов 6 жылга кесилди. Бул тууралу “Азаттыка” акыйкатчынын Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Мансуров билдирди. Анын айтымында, Ак-Суу райондук сотунун чечими менен Иманакунов 20 жаштагы Ырыс Касымбай кызынын өлүмүнө себепкер деп табылды. Ак-Суу районун тургуну Касымбай кызы Ырысты Сары-Камыш айылынын тургуну, 1978-жылы туулган Шаимбек Иманакунов быйыл жайында ала качып кеткенден үч күндөн кийин ал ата-энесинин үйүнөн өз өмүрүнө кол салган. (MK/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG