Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Иран жаңы ракета системасын көрсөттү


Жума күнү Иран абадан кол салуудан коргонуунун жаңы системасын көрсөттү. Расмий билдирүүдө Иранда жасалган “Раад”, кыргызча “Чагылган” деп аталган жаңы система АКШнын капылет аба чабуулунан коргоо максатында иштелип чыккан. Жаңы ракета комплекси 1980-жылкы Иран-Ирак согушун эскерип өткөн Тегерандагы аскерий парадда биринчи жолу көрсөтүлдү.

Абадан коргонуу дивизиясынын командири, генерал Ами Али Ажизаденин билдиришинче, жаңы ракета 50 чакырымга чейин жетет жана 25 чакырымдагы бутага так тиет. Жаңы ракета системасы Батыш Иран ядролук программанын үстүнөн иштөөдө деп кооптонуп, ал эми Израил Ирандын шектүү куралдары бар жайларга алдын ала сокку урулат деп коркутуп турган чакта көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG