Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:04

Жергиликтүү соттун судьялары кызматтан бошоду


Президент Алмазбек Атамбаев айрым жергиликтүү сотторду кызматынан бошотту. Президенттин буйругуна ылайык, Жогорку Соттун судьялыгына тандалган жергиликтүү соттун 13 судьясы кызматын тапшырды. Алардын арасында Ош, Бишкек шаардык соттордун, Чүй облустук соттун жана райондук соттордун судьялары бар.

Сотторду тандоо кеңеши 10-августта 3 айлампалуу сынактан өткөн Жогорку Соттун судьялыгына талапкер 32 адамдын тизмесин президентке берген. Президент алардын 25ин өткөргөн. Жогорку Сотто дагы 10 кызмат орду бош турат. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG