Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

Чолпонбек Базарбаевдин эстелиги ачылат


Бишкекте Опера жана балет театрына жакын жерде 24-сентябрда Чолпонбек Базарбаевдин эстелиги ачылат. Бул тууралуу Маданият жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Эркин Каимов билдирди.

Атактуу балет бийчисине арналган эстелик толугу менен Чолпонбек Базарбаев атындагы фонддон каржыланып жатат.

СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаев Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын алдыңкы балет бийчиси болгон. 1993-1996-жылдар аралыгында Кыргызстандын маданият министри болуп эмгектенген артист 2002-жылы дүйнөдөн кайткан. (AKu)

XS
SM
MD
LG