Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Митт Ромни жылдык кирешесин жарыялады


АКШда Республикалык партиядан президенттикке талапкер Митт Ромни өзүнүн кирешесин жарыялады. Ромнинин 2011-жылдагы кирешеси 13,7 миллион доллар деп көрсөтүлгөн. Анын 1,9 миллиону салыкка төлөнгөн. Ошентип президенттикке талапкер өткөн жылы кирешесинин 14 пайыздайын салыкка төлөгөнү белгилүү болду.

Анын атаандаштары "Ромни ар кандай бухгалтердик эсептер менен салыкты аз төлөгөнгө аракет кылат" деп келишкен. Ромнинин кирешесинин негизги бөлүгү инвестор катары ишинен түшөт. Ал эми кайрымдуулук менен алектенгени үчүн айрым салыктардан бошотулган.

Ушул жылы, 6-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтөт. Бул өлкөнүн 57-президенттик шайлоосу болмокчу. (AKu)

XS
SM
MD
LG