Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Сирияда оппозиция Түркиядан Сирияга көчкөнүн билдирүүдө


Сирияда оппозиция армиясы штаб-квартирасын Түркиядан Сирияга көчүргөнүн билдирүүдө. Маалымат каражаттарына жөнөткөн тасмасында козголоңчулардын Эркин Сирия армиясынын кол башчысы Риад ал-Ассад «бошотулган аймактардагы коопсуздукту камсыздоо чаралары көрүлгөндөн кийин, ал жактарга Эркин армиянын жетекчилиги көчүрүлгөнүн» бышыктады. Башкаруу борбору кайда жайгашканы белгисиз.

Эркин Сирия армиясы президент Башар ал-Асадга каршы козголоңдогу эң карылуу күч болуп саналат. Бирок анын жетекчилиги күрөшүн Түркияда туруп алып жүргүзүп келаткандыгы жана Сириянын өзүндөгү козголоңчулардын чачыранды топторуна сөз өтө бербей тургандыгы үчүн сындалып келген.

XS
SM
MD
LG